Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Польша премьер-министри Миллер кызматынан чегине турганын жарыялады


Польшанын премьер-министри Лешек Миллер кечээ күнү атайын билдирүү жасап, 2-май күнү кызматынан чегине турганын билдирди. 1-майда Польша Европа Биримдигине мүчө болуп кошулат. Миллер жетектеген Демократиялык солчул альянстан парламентке шайланган 30 депутат кызматынан чегинип кеткен жана алардын ичинде парламент спикери Марек Боровски да бар. Парламенттен кеткен депутаттардын айтымында, премьерди алмаштыруу үчүн, кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү керек. Акыркы 15 жылдын ичинде Польшада 9 өкмөт алмаштырылды жана президент Александр Квасневски жаңы премьерди дүйшөмбү күнү атайт.

XS
SM
MD
LG