Пакистан жетекчилигинин айтымында, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин текшерүүчүлөрүн ал өлкөгө киргизбейт. Маалымат министри шейх Рашид Ахмеддин айтымында, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимге Пакистан кошулган эмес, ошондуктан агенттиктин Пакистанга эч тийешеси жок. Агенттиктин айтымында болсо, Иранда урандын калдыктары табылган жана алар кошуна Пакистандан чыкканы мүмкүн.