Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:29

Иракта куралдуу кагылышуулар уланууда


Ирактын Фаллужа шаарында кечээ күнү куралдуу кагылышуу болуп, андан бир америкалык аскер жана дагы беш ирактык жаран курман болду. Өлгөндөрдүн бири америкалык "Эй-Би-Си" сыналгысынын кызматкери, дагы бири - америкалык "Тайм" журналынын котормочусу болуп иштеген. Тикрит шаарындагы кагылышуудан болсо төрт ирактык коргоочу жана үч козголоңчу өлдү, 21 адам кармалып, камакка алынды. "Тайм" журналынын дагы бир котормочусу кечээ күнү Багдад шаарында кайтыш болду, ага шаршемби күнү ок атылган. Кечээ күнү Иракка - шайлоо даярдоо боюнча Бириккен Улуттардын эксперттери келди.

XS
SM
MD
LG