Бишкек. Ош облусунун Карасуу районунун Барак айлынын тургундары мамлекет башчы Аскар Акаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Өзбекстандын аймагында анклав болуп калган Барак айлынын тургундары Кыргызстанга Өзбекстандын Бирлешкен айлындагы бажы, чек ара, милиция постору аркылуу кыйынчылык менен өтүшөөрү айтылып, мамлекет башчысынан эч кандай тосмосу жок жол каттамын түзүп берүүнү суранышкан. Алардын айтымында, Өзбек бийлиги 1998-жылдын августь айынан 2003-жылдын март айына чейин Барак айлынан Кыргызстанга жол каттамын тосуп салган. Ошондой эле кайрылууда 2003-жылы облус бийлик жетекчилеринин аракетинен улам Барактан Кыргызстанга жол ачылгандыгы, бирок, өзбек чек арачылары барактыктардын өздөрү өстүргөн айыл чарба товарларын Кыргызстандын аймагына ташып өтүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей келгендиги жазылган.