Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Кыргыз парламентарийлери Венгрияга иш сапары менен кетишти


Бишкек. Бүгүн Жогорку Кеңештин кош палатасынын беш депутаты Венгрияга алты күнгө иш сапары менен жөнөп кетишти. Алар Венгрия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышып, айрым расмий бийлик өкүлдөрү менен жолгушуу өткөрүшөт. Иш сапардын башкы максаты - Венгриядагы бир палаталуу парламенттин тажрыйбасын үйрөнүү. Венгрияга кеткен депутаттардын арасында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Махмуд Күчүков, Любовь Комиссарова, Алишер Сабиров, Өмүрбек Текебаев жана Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Байкожоев бар. Өмүрбек Текебаевдин айтымында, депутаттардын иш сапары БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан уюштурулуп, каржыланды.

XS
SM
MD
LG