Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Мамлекет башчынын демилгесине карата сын пикирлер айтылууда


Бишкек. «Мамлекет башчы Аскар Акаевдин Жогорку кеңеш тарабынан кабыл алынган «Мамлекеттик тил мыйзамына» өз алдынча өзгөртүү киргизип, өз жардыгы менен өлкөдөгү иш кагаздарынын түп нускасын кыргыз тилине өткөрүүнү 2015-жылга чейин создуктуруу демилгеси - мыйзамсыз». Мындай пикирин бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирди.

Ал эми мамлекет башчынын мындай демилгеси тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев төмөндөгүчө пикирин ортого салды:
- Эгерде биз 1987-жылы мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынгандыгын эске алсак, андан бери он беш жыл өттү, дагы он беш жыл кошсок, баш аягы отуз жылга жакын убакыт талап кылынып жатат. Бул абдан туура эмес. Бул биздеги бир ууч саясий топтун көзүн караган, көзкаранды саясаттын белгиси. Отуз жылда эл жаңырат. Ошондуктан мен президенттин артка чегинип, башкаларга жүгүнүүчүлүк саясат жүргүзүшүн туура эмес деп эсептейм.

Саясатчылардын жогорудагыдай сын пикирине азырынча аткаруу бийлигинин өкүлдөрү жооп берүүдөн баш тартышты.
Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев мамлекет башчы жакында «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзамга кол койоорун кечээ «Азаттыкка» маалымдаган. Анын айтымында, мамлекет башчы аталган мыйзамга кол коюудан тышкары, мамлекеттик жана расмий тилдерди колдонуу тууралуу жардыкка да кол койот. Анда кыргыз өкмөтү мамлекеттик жана расмий тилдерди үйрөтүүгө шарт түзүп берүүгө милдеттендирилип, өлкөдөгү иш кагаздардын түп нускасын толук түрдө мамлекеттик тилге өткөрүү 2015-жылдын 1-январына карата аяктаары белгиленмекчи.

XS
SM
MD
LG