ЖАЛАЛАБАД. Губернатор Жусупбек Шарипов жана тиешелүү тармактардын жетекчилери Жалалабад-Каду- Кашкатерек-Кызкөл жолунун абалы жана Көкарт дарыясынын жээгин бекемдөө, көпүрө оңдоо жумуштарын жеринде талкуулашты. 29-мартта облбийликтин билдирүүсү боюнча кулайын деп турган Дүйшөнкул Шопоков атындагы мектепке балдарды киргизбей, окууну чатырда өткөрүү көрсөтмөсү берилди. 7 миңдей адам жашаган Сарыбулак айылына баруучу жолду оңдоо тапшырмасы 3 уюмга жүктөлдү. Көкарт дарыясы Сымкат айыл тушундагы жээкти жемирип, мазарды жууп кетүү коркунучу бар.
Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.
Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.