Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Атактуу киноактер Питер Устинов 83 жаш курагында дүйнөдөн өттү


Ал көптөн бери Швейцарияда жашачу. 1921-жылы Лондондо, орустардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн Устинов алтымыш жылга созулган актерлук ишинде 90дой киного тартылып, эки ирээт Оскар сыйлыгына арзыган. Актерлук кесибин гуманитардык иштер менен да айкалыштырып, отуз жылдан ашуун убакыттан бери БУУнун балдар фонду – ЮНИСЕФте коомдук кызматты да аткаруучу.

Питер Устинов кезинде Кыргызстанга да барып, жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айматовдун демилгеси менен уюштурулган "Ысык-Көл" форумунун алгачкы жыйынына катышкан.

Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG