Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

БУУнун башкатчысы Кипрди бириктирүү боюнча жаңыланган планын сунуш кылды


Коффи Аннан Түркиянын жана Грециянын расмий өкүлдөрүн өзүнүн жаңыланган планы менен бүгүн Швейцарияда тааныштырды. Маалыматтарга караганда, документте мурдагыдан айырмаланып кипрлик түрктөргө караштуу жерлер ошол эле учурда алар көзөмөлдөгөн аймакка кайтып келүүгө тийиш болгон кипрлик гректердин саны азайтылган. Ал эми Кипрдин болчоктогу саясий түзүлүшү мурдагы эле шартта калтырылган.

Кипр БУУнун планы боюнча андагы эки улуттук жамаатка кеңири автономия берилүү менен федерация тибиндеги мамлекетке айланыш керек. БУУнун жаңыланган планы Кипр Европа Биримдигине кошулаар алдында аны бириктирүү боюнча акыркы сунуш катары каралууда. Эгер марттын аягына чейин сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаса, май айында Европа Биримдигине Кипрдин эл аралык коомчулук тааныган грек бөлүгү гана кирет. Кипр экиге мындан отуз жыл илгери, 1974-жылы бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG