Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Пакистан аскерлери "ал-Каиданын" чалгын кызматынын башчысын жок кылды


Бул тууралуу бүгүн Пакистан армиясынын өкүлү генерал Шаукат Султан билдирди. Анын айтымында, "ал-Каиданын" чалгын кызматынын Абудулла деген башчысы пакистандык аскерлер өлкөнүн Ооганстан менен Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө өткөн аптада жүргүзгөн операция учурунда жок кылынган. Ал эми жаракат алгандардын арасында Өзбекстан Ислам кыймылынын лидерлеринин бири Тахир Юлдаш да бар деген маалымат айтылууда.

Ооганстанга чектеш Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө Пакистан армиясынын кеминде 7,5 миң жоокери жайгаштырылган жана "ал-Каида" менен Талибандын калдыктарына каршы жүргүзүлгөн операциядан улам аскерий өкүлдөрдүн маалыматы боюнча, 60 согушкер өлтүрүлүп, 120дан ашууну туткундалды. Пакистан армиясы да операция учурунда 62 жоокеринен айрылган. Кабарларга караганда, бул - алардын "ал-каидачыларды" издеп жаткан эки жылдан берки чоң жоготуусу.

XS
SM
MD
LG