Орусиянын прокурорлору "Экинчи дүйнөлүк согушта Германиядан чыгарылып кеткен сүрөт орусиялык атуулдун мыйзамдуу менчиги" деген бүтүм чыгарышты.
Рубенстин 17-кылымда тартылган "Таркиниус менен Лукреция" деген сүрөтүн акыркы жолу Германияда 1942-жылы көрүшкөн. Ошондон бери ал дайынсыз жоголгон эле. Сүрөт өткөн сентябрда анын учурдагы ээси Владимир Логвиненко деген ишкер аны Германиянын музейине сатууга аракеттенгенде, күтүлбөгөн жерден ачыкка чыккан. Прокурорлор "Логвиненко - сүрөттүн мыйзамдуу ээси" деген бүтүмүн жарыялашты.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага