БИШКЕК. Эртең Бишкекте Европа биримдигинин Борбор Азиядагы чегараны башкаруу жана маңзаттардын таркатылышына жана аны пайдаланууга каршы күрөшүү программалары боюнча биринчи регионалдык административдик кеңешме болот. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин, Еврокомиссиянын, БУУнун өнүгүү программасынын жана башка эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышып, 2008-жылга чейин ишке ашырыла турган 34 программанын келечек пландарын талкуулашат. Кеңешме учурунда BOMCA жана CADAP программаларынын Бишкекте биргелешкен кеңсесинин ачылыш аземи болот. BOMCA программасынын алгачкы баскычы 2001-жылы, ал эми CADAP программасы өткөн жылы башталган.
Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор - Кубат Оторбаев.
Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор - Кубат Оторбаев.