Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Косоводогу куралдуу кагылышуудан Кыргызстандык атуулдар жабыр тарткан жок


БИШКЕК. Мындан бир нече күн илгери Косоводо болгон куралдуу кагылышуудан НАТОнун тынчтыкты камсыз кылуучу күчтөрүнүн катарында кызмат кылган кыргызстандык атуулдар жабыркаган жок. Мындай маалыматты бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таратты. Министрликтин маалымдоосуна караганда, учурда Косоводо кыргызстандык үч атуул кызмат кылууда. Кыргызстандык бир атуул Косоводон Македонияга которулду. 21-мартта Косоводо албан жана серб улутундагы атуулдардын куралдуу кагылышуусу болуп, 28 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG