Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Кадамжай районунун тургундары Өзбекстан менен чегаранын жабылышына нааразы


БАТКЕН. Кайтмасай айылынын эли Кадамжай районунун борборуна Өзбекстандын Риштан районунун аймагы аркылуу катташат. 29-марттагы Ташкендеги жардыруулардан соң Өзбекстан чегара бекеттериндеги көзөмөлдү катуу күчөтүп, өз аймагынан Кыргызстандын атуулдарын өткөрбөй коюшкан. Буга байланыштуу аталган айылдын 150 чакты тургуну 30-март күнү саат 10дор чамасында өзбек чегарачыларынын мындай аракетине нааразылык билдирип чыгышты. Окуя болгон жерге областтык бийликтин өкүлдөрү барышып, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, чегара аймактарында жашаган эл мурдагыдай эле өтө берээрин түшүндүргөн соң гана чогулган эл тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG