ВАШИНГТОН. НАТО уюму жети мамлекетти мүчөлүккө кабыл алды. Ага байланыштуу Вашингтондо өткөн салтанатта жаңы мүчө мамлекеттерди, атап айтканда, Эстония, Литва, Латвия, Болгария, Румыния, Словакия, Словения мамлекеттерин АКШ президенти Жорж Буш куттуктады:
- НАТОнун жети жаңы желеги эми Бискай куймасынан Кара деңизге чейин желбирейт. Бир кезде глобалдуу чыр-чатактардын башатына айланган Европа эми тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн кубатына айланат.
Буш өз сөзүндө ошондой эле Бүткүл Европа тынчтык жана эркиндик үчүн бириккенче НАТОнун эшиги ачык бойдон кала берээрин белгиледи. НАТОго мындан ары мүчө болууну каалаган өлкөлөрдүн катарында Албания, Хорватия жана Македония бар.