Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Филиппиндеги жардыруу алдын алынды


МАНИЛА. Баш калаада 36 килограмм жардыргыч зат колго түштү. Филиппин бийлиги муну Мадрид террактына тең келе турган жардырууга даярдык катары баалап, аны "Абу-Сааяф" террордук уюмунан шек саноодо. Бул тууралуу Филиппиндин президенти Глория Арройо айым минтип билдирди:

- Биз 36 килограммдык жардыруучу зат сакталган жерди табуу менен, баш калааны Мадридде болгондогудай чабуулдан сактап калдык. Бул Маниладагы гүлбакчаларды жана метродогу поезддерди жардырууга ылайыкталган.

Филиппин терроризмге каршы күрөштө АКШ менен пикирдеш өлкөлөрдүн катарында турат. Өлкөдө 10-майда президенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG