Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Кипрди бириктирүү боюнча сүйлөшүү уланууда

БРЮССЕЛЬ. Бүгүн Грекия менен Түркиянын жооптуу кызматкерлери Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын долбооруна ылайык Кипр аймагын бириктирүүнүн жол-жобосун Швейцарияда талкуулап жатышат. Европа биримдигин кеңейтүү боюнча атайын өкүл Гунтер Верхеугендин (Guenter Verheugen) билдиришинче, эки өлкөдө жашаган кипрдиктердин мамилесинде калыптануу белгилери байкалууда.

Тараптар Кипрди 1-майга чейин бириктирүүнү талкуулап жатышат. Анткени бул убакка чейин Кипрдин Түркиядагы жана Грекиядагы аймактары бириктирилбесе, Европа биримдигине Кипрдин Грекия тарабы гана кабыл алынмакчы.
XS
SM
MD
LG