Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Косовону жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


БЕЛГРАД. Бир катар өлкөлөрдүн ырасмий өкүлдөрү Косово жагдайын талкуулоо үчүн Белградга чогулушуту. Алардын катарында АКШ, Франция, Италия, Испаниянын өкүлдөрү бар. АКШнын өкүлү Марк Гроссман бүгүн премьер-министр Воислав Коштуница баштаган серб жетекчилиги менен жолугушууну көздөп жатат. Кечээ ал Приштинада Косовону жөнгө салуу планы жакында сунушталаарын билдирген эле.

Косоводо жакында болгон улуттар аралык кагылышта 28 киши өлүп, 600 чамалашы жабыркаган.

XS
SM
MD
LG