Өзбекстандын ички иштер министрлиги билдиргендей, Ташкендин жака-белинде, президент Ислам Каримовдун резиденцияларынын биринин жанында атайын аскер бөлүктөрү куралчан кишилер менен кечээ күнү катуу салгылашты. Мурдагы күнү дагы Ташкенде жана Бухарада бир нече жардырууларда 19 киши каза тапкан эле. Ички иштер министрлиги кечээ курман болгондордун айрымдары колго түшөөрдө өздөрүн жардырып жиберишти деп билдирди. Үч күн мурда башталган кагылышууларда баш-аягы 42 кишинин өмүрү кыйылганын бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Кошмо Штаттардын мамкатчысы Колин Пауэлл Өзбекстанга чабуулдарды иликтөөгө жардамын сунуш этти. Европа биримдигинин тышкы байланыштар комиссары Крис Паттен Ташкендеги жана Бухарадагы жардырууларды айыптады.