БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан укук коргоо уюму билдирүү таратты. Анда аталган уюмдун жетекчиси 24-марттан 29-мартка чейин Нарын облусунун Нарын районундагы Ташбашат, Экинарын, Алыш, Дөбөлү, Кеңеш айылдарында болуп, айыл тургундарынын жашоо шарты менен таанышып кайткан. Учурда Ташбашат, Экинарын айылынын эки миңден ашуун тургундары оор акыбалда жашоодо. Тоо арасындагы айылдарда кыш оор болуп, кардын калыңдыгы 1 метрден ашкан. Туут маалында тоют чөптөр түгөнүп, малдын кырылып калуу коркунучу бар.
Ал аз келгенсип, карышкыр күч алып Экинарында 18-20 баш бодо малды, Ташбашат айылында 15 бодо малды чыгашага учураткан. Жергиликтүү калк райондук, облустук бийликтин көңүл бурбаганына нааразылыктарын билдиришкен.