БИШКЕК. Ташкендеги адам өмүрүн кыйган террордук жардырууларга байланыштуу Кыргызстандын ички иштер министрлиги өлкөнүн аймагында коопсуздук чараларын күчөттү. Коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу тартип коргоо кызматкерлери маанилүү административдик мекемелерди, элчиликтер жайгашкан имараттарды кайтарууну күчөтүп, соода-сатык түйүндөрүн, аэропорт, автобекет жана башка адамдар көп топтолгон жайлар кылдат текшерүүгө алынат. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Ошондой эле министрликтин маалымат кызматы өлкө атуулдарын коомчулукка коркунуч келтирүүчү кандайдыр бир шектүү маалымат билинсе ички иштер министрлигине кабарлоосун өтүндү.