Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Президент бир нече жардыкка кол койду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев өлкөнүн биринчи вице-премьерлигине транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиевди, вице-премьер-министрликке Уларбек Матеевди, билим берүү министрлигине Мустафа Кидибаевди, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Равшан Жээнбековду, Эсептөө палатасынын төрагалыгына Дамир Өскөнбаевди дайындоо жөнүндөгү жардыктарга кол койду. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигине Амангелди Муралиевдин дайындалышына Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны макулдугун бербегендигинен, бул министрликтин жетекчилигин дайындоо боюнча жардыкка кол коюлган жок. Өлкө башчысы ошондой эле «Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча органы жөнүндөгү», «Кылмыш-процессуалдык Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» жана «Оперативдүү-издөө ишмердүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамдарга кол койду.

XS
SM
MD
LG