Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Орусияда митингди кандай шартта өткөрсө болот?


Орусиянын мамлекеттик думасы бүгүн атуулдардын жыйын, митинг, демонстрация өткөрүү укугун тескеген мыйзамдын долбоорун биринчи окулушта кабыл алды. Долбоордун авторлору кан жолдордо, мамлекеттик имараттар менен чет элдик элчиликтердин, мунай жана газ куурларынын жанында митинг, пикет өткөрүүгө тыюу салууну сунуштап жатышат.

Думанын спикери Борис Грызлов мыйзам жөнүндө буларды билдирди:

- Бул мыйзам буга чейинки эрежелерге караганда демократиялуураак. Эми ар кандай жүрүш, демонстрация же согуш өткөрүү үчүн уруксат талап кылынбайт. Анын уюштуруучулары иш-чара жөнүндө бийликтерди алдын ала кабардар кылууга гана тийиш.

XS
SM
MD
LG