Бүгүн Грузиянын шайлоо комиссиясысынын төрагасы Зураб Чаберашвили парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыктарын жарыялады. Президент Михаил Саакашвилинин "Улуттук кыймылы" жана анын союздаштары добуштардын үчтөн бир бөлүгүн, же 67,2% жеңип алды. Эми "Улуттук кыйымыл-демократтар блогу" парламенттеги көпчүлүк орунга ээ болмокчу. Оппозициядагы "Өнөр жайчылар" блогу партиялык тизме боюнча жети проценттик чектен өтө алган экинчи партия болуп калды.
Грузиянын автономиясы Ажариянын лидери Аслан Абашидзенин "Кайра жаралуу" партиясы 6,13% добуш алып, депутаттык мандаттардан куру калды. Абашидзе "добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды" деп, аларды кайра саноону талап кылаарын жана Тбилисиде демонстрация өткөрөөрүн айтып чыкты.