Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Берлинде Ооганстан боюнча эларалык конференция өтүп жатат


Эки күндүк жыйынга 60тай өлкөнүн жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Президент Хамид Карзай жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкө маңзаттарга байланышкан маселелерди өз алдынча чече албайт деп билдирди. Жакырчылыктын айынан жергиликтүү эл мыйзамсыз иштерге барып жатканын белгиледи:

- Наркозаттар Ооган мамлекеттинин түпкүлүгүнө залакасын тийгизүүдө. Эч ким, өзгөчө бүтүндөй жалпы улут баңгичи деген атка конгусу келбейт. Биз башка айыл-чарба продукциясы менен сыймактанууну каалар элек. Эларалык коомчулукка кайрылып, маңзаттарга каршы күрөшүүгө, ооган элинин турмушун жакшыртууга көмөктөшүүгө үндөйт элем.

Мыйзамсыз апйим өстүрүү маселесинен тышкары Берлин конференциясында донор-мамлекеттер Ооганстанга каржылык жардам көрсөтүү жана сентябрга белгиленген шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоону талкуулап жатышат.

Жыйында сүйлөгөн немис канцлери Герхард Шрөдер анын өкмөтү көрсөтө турган жардамдын суммасын ачыктады:

- Эки жыл мурун Токидо болгон конференцияда Германия Ооганстандагы реконструкция иштерине 320 миллион евро жардам катары бөлүп берүүнү убада кылган. Келээрки төрт жылдын аралыгында ушундай эле көлөмдөгү каражат бөлүп берүүнү көздөп жатабыз.

Анын аралыгында, тажик-ооган чегарасын кайтарган россиялык аскерлердин басма сөз өкүлү оогандык наркоаткезчилер менен 8 күнгө созулган салгылашуу аяктаганын билдирди.

Орусиялык чегарачылар тик учма жана артиллериянын жардамы менен тажик аймагына өтүп кетүү аракетин көргөн оогандарды артка кайтарган. Кармаш маалында набыт болгондор жок деп кабарланууда. Чегарачылар 100 килограммга жакын маңзатты колго түшүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG