Өзбекстандын күч органдары Бухара менен Ташкенде болгон жардырууларга тиешеси бар деген шек менен 30дай киши кармалганын билдиришти.
Расмий маалыматтарга ылайык, негизинен ички иштер органдарына каршы багытталган соңку кол салуулардан 42 киши набыт болду. Өлкөнүн баш прокурору Рашид Кадыров шектүү адамдар терроризм үчүн кармалганын ырастады. Тергөө уланып жатат.
Өзбекстандын баш калаасы Ташкенде милиция жана коопсуздук органдары күчөтүлгөн режимге келтирилди. Милиция көчөлөрдө, вокзалдарда элдин документтерин текшерүүнү күчөтүп, борбордун жака-белинде үймө-үй рейд жүргүзүштү.
Жекшембиде Бухара, андан соң Ташкенде бир нече бомба жардырылган. Ташкендеги эки жардыруу жан кечти аялдар тарабынан ишке ашырылган деген божомол бар. Кечээ болсо баш калаада милиция кызматкерлери менен куралчан топ ортосунда бир нече саатка созулган аткылашуу болду. Чабуулдар үчүн жоопкерчиликти эч ким алган жок, анын себептери да белгисиз бойдон кала берүүдө. Бирок өзбек өкмөтү кол салуулар ислам экстремисттери тарабынан уюштурулган деп жатат.