Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Кипрди бириктирүү планы элдик добушка коюлат


Швейцарияда аяктаган сүйлөшүүлөрдүн соңунда ООНдун баш катчысы Кофи Аннан аралды кайра кошуу боюнча эларалык пландын акыркы варианты менен тааныштырды. Корутунду планда каралган маселелер боюнча 24-апрелде аралдын түрк жана грек жамааты жайгашкан аймактарында өз-өзүнчө референдум өткөрүлөт. Эки жамааттын өкүлдөрүнө кайрылып, Аннан бул план кипрликтерге эң мыкты жана эң адилет мүмкүнчүлүк берерин белгилеп, өткөндө кетирилген көп каталыктарды кайталагандан сактандырды. Аннандын планы аралда федералдык негизде бирдиктүү мамлекет түзүүнү сунуш кылат. Эгер план колдоо таппаса, анда аралдын эларалык коомчулук тарабынан таанылган грек жамааты быйыл 1-майда Евросоюзга кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG