Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Ташкенде дагы бир террорчу өлтүрүлдү


Өткөн түнү Өзбекстандын антитеррордук күчтөрдүн бөлүктөрү эски шаарда атайын операция өткөрүп, бу жердеги менчик үйлөрдүн бирине кире качып, корголоп калган куралдуу белгисиз кылмышкер менен бир нече саат сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Айрым маалыматтарда кылмышкер бир нече кишини барымтага кармап алганы айтылган эле. Операция башталганда ал атынып өлдү, деп билдирди антитеррордук күчтөрдүн өкүлү Олег Биченов. Анын айтымында, барымтага алынган эч ким болгон жок. Коопсуздук күчтөрү тараптан да эч ким жабыркаган жок.

Баштапкы маалыматтарда кылмышкер менчик үйдү басып аларда колбомба жардырганы айтылган эле. Соңку үч күндүн ичинде Өзбекстандын ар кайсы жерлеринде жарылган бомбалардан жана куралдуу кагылыштардан кырк эки киши мерт болду. Бийликтер бул иштердин баарын исламчыл радикалдар уюштурду дешет, азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG