Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

ӨЗБЕКСТАНДА ТЕРРОРДУК ИШ-АРАКЕТТЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРГАНДАР ИЗДЕЛҮҮДӨ


Өзбекстандын башкалаасы Ташкен атайын көзөмөлдө кала берүүдө. Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, шаардын чегинен кирип–чыккандар кылдат текшерилип, террорчу деп шектелген адамдарды издөө улантылууда. Коопсуздук жүйөөсүнөн улам мектептердеги жазгы дем алыштын мөөнөтү узартылды. Өзбекстанда өткөн жекшембинин түнүнөн бери орун алган жардыруулар жана куралдуу кагылыштардан ырасмий маалыматтар боюнча кеминде 43 адам мерт болду.

Өзбек милициясынын ырастоосунда, шаршембиден бейшембиге караган түнү Ташкендин Сабир Рахим деген районундагы жеке менчик турак үйлөрдүн биринде өзүн жардырып жиберген адам керт башынан башка эч кимге забын келтирген жок.

Ошондой эле милиция өкүлдөрү ал кеминде эки адамды барымтада кармап турган деген мурдагы маалыматтарды төгүндөдү. Террорчу деп шектелген адамды зыянсыздандыруу операциясына катышкан, бирок атын атоодон баштарткан милиция кызматкери "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Ташкендеги кабарчысына берген маегинде буларды билдирди:

- Ал өзү жалгыз болгон. Барымтада эч ким болгон эмес. Биз ал жерде башка мина жана бомба бар же жок экендигин текшерүүнү көздөгөндүктөн операция ушунча узакка созулду.

Баштапкы маалыматтарда кылмышкер менчик үйдү басып алаарда колбомба жардырганы айтылган эле. Ал кирип алган үйдү милиция кызматкерлери дароо эле курчоого алган болчу. Буга чейинки үч күндүн аралыгында Ташкен менен Бухаранын ар кайсы жерлеринде жарылган бомбалардан жана куралдуу кагылыштардан кырк эки киши каза тапкан. Бийликтер бул иштердин баарын исламчыл радикалдар, атап айтканда Өзбекстан ислам кыймылы менен "Хизб ут-Тахрирдин" жактоочулары уюштурду дешет. Бирок азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. "Хизб ут–Тахрир" уюму болсо өзбек бийликтеринин айыптоосун четке какты.

Президент Ислам Каримов өзү баштаган өкмөттүк комиссия учурда иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Расмий маалыматтарга караганда, 30тай адам камакка алынган. Андыктан кол салуулар менен жардыруулардын максаты, алардын артында кимдер турганы азырынча белгисиз.

Айрым эксперттер бул окуяларды Өзбекстан бийлигинин эларалык антитеррордук согушта АКШга өнөктөш болгонуна байланыштырат. Алардын пикиринде, исламчыл радикалдар Борбор Азиядагы соккусун АКШнын антитеррордук согуштагы негизги өнөнтөштөрүнүн бири болгон дал ушул Өзбекстандан баштап отурат. Бул жерде орун алган окуяларды терракт катары баалаган ырасмий Вашингтон иликтөө иштеринде өз жардамын сунуш кылууда.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели шаршембидеги басма сөз жыйынында мындай деди:

- Менимче, калгандарыбыз сыяктуу эле, соңку күндөрү үрөй учурган кол салуулардан жабыр тарткан Өзбекстан да террордун бутасы болгону анык. Өзбек бийликтери катаал чараларды көрүүдө. Биз аларга колдоо көргөзөбүз, террорчуларга каршы күрөштө зарыл болгон жардамды беребиз.

Ал эми эксперттердин экинчи бир тобу, укук коргоочулар Өзбекстандагы бул жолку терракттарды өлкөдөгү авторитардык саясаттын натыйжасы катары карашууда. Укук коргоочулар мурда эле өзбек бийликтери антитеррордук согушту, өлкөдөгү оппозицияны жана диний топторду куугунтуктоо максатында пайдаланып жатканын белгилеп келишкен. Алар эми соңку окуяларды улай диний уюмдар менен оппозициячыл топтордун мүчөлөрүнө каршы репрессия дагы күчөшү мүмкүн деп кооптонушат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG