Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:40

“ОШ ТВ” телекоманиясынын берүүлөрү 5-каналдан 23-каналга которулду


ОШ. Мамлекеттик комиссиянын "Ош ТВнын" берүүлөрүн 5-каналдан 23-каналга которуу боюнча токтому 24-мартта чыккан. Бирок андан бери деле телекомпания кулакты жапырып коюп, өз берүүлөрүн эски ордунан көрсөтүп келген. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик байланыш агенттигинин түштүк филиалынын кийлигишүүсү менен гана 31-март күнү кечтен баштап "Ош ТВнын" өз берүүлөрүн 23-каналда көрсөтүүгө өттү. Телекомпаниянын баш директору Халилжан Кудайбердиевдин айтуусуна караганда, азырынча 23-каналдан 20 ваттык эски сигнал таркаткычтын жардамы менен чыгууда. Бирок бул сигнал таркаткыч аркылуу жалпы түштүк тургай Ош шаарын да толук тейлөөгө мүмкүн болбой жатат. Ошондуктан "Ош ТВ" телекомпаниясы 42 миң долларлык жаңы жабдууларды донорлордун жардамы менен тез арада сатып алуу үчүн катуу аракеттенүүдө. Ансыз көрүүчүлөрүнүн көпчүлүгүнөн ажырап калуу коркунучунда турат.


Жаңылыктар түрмөгүн Азиза Турдуева, Аманбек Дилденбай жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG