Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Министрликтер 2005-жылга карата мыйзам долбоорун иштөөгө киришти


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы экономикалык саясат боюнча кеңеш тарабынан өлкөнүн 2005-2007-жылдарга эсептелген бюджеттин долбоору жактырылды. Бул тууралу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Орто мөөнөт менен эсептелген бул документте бюджеттеги ресурстардын өлчөмү анализденип, айыл-чарба, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарына 2005-2007-жылдары каражаттын сарпталышы каралган. Экономикалык саясат боюнча кеңеш тарабынан каржы жана башка министрликтерге 2005-жылга карата бюджет жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштөөгө киришүү тапшырылды. Кийинки жылга эсептелген бюджет жөнүндөгү мыйзам долбоору жана өлкөнүн Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору ушул жылдын август айында парламенттин кароосуна сунушталат.

XS
SM
MD
LG