Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Акимдер дайындалды


БИШКЕК. Өлкө башчысынын буйругу менен бүгүн Авасбек Момункулов Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчылыгына дайындалды. Авасбек Момункулов буга чейин өкмөт алдындагы салык инспекциясында, Бишкек эркин экономикалык аймагында иштеп келген. Аким болуп дайындалганга чейин каржы министрлигинин алдындагы салык инспекциясынын башчысы болуп иштеген.

Ал эми Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине Иманбек уулу Акылбек дайындалды. Ал буга чейин Аламүдүн районундагы Көкжар айыл өкмөтүн жетектеген. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG