Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Парламент Баткен облусуна байланыштуу маселелерди карады


БИШКЕК. Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалы начар. Ал - эң артта калган аймак. Кошуна мамлекеттер менен чектеш жерлерде талаш-тартыш туудурган жерлерди өкмөт али күнгө чейин оңчулуктуу чечип бере элек. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынында Баткен облусун текшерип келген депутаттык комиссия маалымдады. Комиссиянын билдиргенине караганда, облуста мыйзамдын чегинде иш жүргүзүлбөйт. Аткаруу бийлигинде өкүмчүл башкаруучулукка жол берилген. Сот бийлигинде, тартип коргоо кызматында да мыйзам бузуу фактылары кездешкен. Ал эми мугалимдердин, дарыгерлердин айлык маяналары эки-үч айлап кечиктирилип, айыл-чарба азыктарынын да баасы кымбаттаган. Парламент бул маселелер боюнча текшерүүнү жана жыйынтык чыгарууну тийешелүү министрликтерге тапшырды. Баткен облусу боюнча өкмөт тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы июнь айында парламенттке тапшырылуусу сунушталды.

XS
SM
MD
LG