Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Кипрди бириктирүү маселесин эл өзү 24-апрелдеги референдумда чечет


БҮРГЕНШТОК. БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Кипрди бириктирүү маселесин грек жана түрк жамааттар өздөрү добуш берүү жолу менен чече тургандыгын жарыя кылды. Бул тууралуу референдум 24-апрелде өткөрүлөт.

Кофи Аннандын Кипрди бириктирүү тууралуу планында эки тарапка кеңири өз алдынчалык берилген федеративдүү мамлекет куруу каралган. Эгерде 24-апрелде Кипрдин эки бөлүгү тең анын планын колдоп добуш берсе, бириккен Кипр 1-майда Евробиримдикке кабыл алынат. Болбосо ага грек этносу көпчүлүктү түзгөн Кипр грек республикасы гана киргизилет.

- Эч ким силерди өзүңүздөрдүн тагдырыңар өзүңүздөрдүн колуңуздарда экенин айтып ишендире албайт. Бирок менин Кипр маселесин жөнгө салуу планым тынчтыктын, өркүндөп өсүүнүн жана стабилдүүлүктүн жакшы жана адилет мүмкүнчүлүгү экенине ишенем. Мурда аябагандай көп мүмкүнчүлүктөр текке кетти. Силер жана силердин элиңер үчүн бу жолу да ката жибербөөңүздөрдү суранам. Бириккен Кипр республикасынын тынчтыгы үчүн бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого чакырам, –деди Кофи Аннан.

Грек жана түрк тараптары бул маселе боюнча өз алдынча тил табыша албагандыктан, аны чечүү демилгеси Кофи Аннанга тапшырылган.

Кофи Аннандын планын АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл колдоду.

XS
SM
MD
LG