Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

АКШ Ирак боюнча ООН жаңы резолюция кабыл алат деп күтөт


Бул тууралуу мамлекеттик катчы Колин Пауэлл билдирди. ООНдун коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясы 1-июлга чейин кабыл алынышы абзел. Аталган мөөнөттө бийлик убактылуу ирак өкмөтүнө берилиши керек. Вашингтон мурда жаңы резолюция кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулаганга даяр экендигин гана айтып келген эле. Бир катар өлкөлөр, өзгөчө Франция менен Испания 1-июлга чейин ООН жаңы резолюция кабыл алса гана Ирактагы кайра куруу иштерине катышарын билдиришкен. Кечээ Иракта алты киши мерт болду, алардын баары жергиликтүү тургундар. Кечээ Багдадда эларалык жарманке ачылмак эле, бирок коопсуздук жүйөөсүнөн улам бул иш белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырылды.

XS
SM
MD
LG