Мунун алдында ООНдун баш катчысы Кофи Аннан эгер референдум ийгиликтүү өтсө, Кипрди кайра кошуу иши Евросоюзга кошулар алдында жүзөгө ашаарын, аралды экиге бөлгөн чегара жоюлуп, эркин карым-катнаш кайра калыбына келээрин белгилеген эле. Кипрлик түрктөрдүн лидери Рауф Денкташ болсо Аннандын планын сынга алып, ООН “ашкере кысым көрсөтүп жатканын” белгиледи.