Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Өзбекстанда дагы бир террордук баламат жасалды


Атап айтканда, Бухара шаарындагы Садриддин Айни көчөсүндөгү үйдө бомба жарылган. Журналист Обид Шабанов билдиргендей, үйүн тинткени милиция кызматкерлери келгенде Фаргонат Домадова аттуу аял өзүн жардырып жиберген. Анын он жашар кызы набыт болуп, жанкечти аял өзү оор абалда ооруканага жеткирилди. Буга чейин Ташкенде террорчу делинген киши да өзүн жардырып өлгөн эле. Соңку күндөрдөгү куралдуу баламаттардан Өзбекстанда 45 адам жайран болду. Ырасмий бийликтер бул иштердин жоопкерчилигин ислам радикалдарына жүктөдү. Оппозициядагы ЭРК партиясы Өзбекстанда массалык камакка алуу иштери жүрүп жатканын белгилеп, АКШнын конгрессине, ООНго, Евросоюзга жана Түркиянын парламентине кат жолдоду.

XS
SM
MD
LG