Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Жалалабаддын жетекчилиги жетим студенттерге камкордук көрөт


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облустук администрациясы жетим студенттерге жардам көрсөтүү тууралуу буйругун чыгарды. Буйрукка ылайык жакында облустагы жогорку жана орто окуу жайларынын 157 студентине 500 сомдон материалдык жардам берилет. Мындай кайрымдуулукту бештен ашык балалуу үй-бүлөдөн чыккан жана атасы же энесинен айрылган 300 студент жыл ичинде алышат. Жардамга муктаж студент жаштарды мезгил-мезгили менен колдоп, мыкты окугандарга стипендияларды уюштуруу алар туулуп өскөн район, шаар, айыл өкмөт башчыларына жүктөлдү. Губернатордун резервдик корунан ажыратылуучу бул каражатты издеп табуу облустук каржы башкармасына тапшырылды.


Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG