БИШКЕК. Бүгүн Ош облусунун Каракулжа районунун Ылайталаа айыл өкмөтүнө караштуу Сарыташ участкасында жер көчкү болду. Көлөмү 1 миллион кубометрди түзгөн жер көчкү айыл тургундарынын үйүнө 150 метр гана жетпей токтоду. Жер көчкүдөн жабыр тарткандар жок. Бирок үч үйдү басып калуу коркунучу катуу болгондуктан алардын тургундары туугандарыныкына көчүрүлдү. Каракулжа районундагы Каракулжа-Сарыбулак автожолунда да жер көчкү жүрүү коркунучу күчтүү.
Ал эми Өзгөн районундагы Жалпакташ айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер көчкү жүрүү коркунучу күчтүү жерлерден 2-апрелге карата 19 үй бузулуп, жашоочулары башка жакка көчүрүлдү.
Ал эми Өзгөн районундагы Жалпакташ айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер көчкү жүрүү коркунучу күчтүү жерлерден 2-апрелге карата 19 үй бузулуп, жашоочулары башка жакка көчүрүлдү.