Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Аксылыктар Жогорку Сотко келүүгө каршы


БИШКЕК. Аксы окуясында каза болгон жана жабырланган атуулдардын арызын Жогорку Сот 6-апрелде карайт. Мындай кабар бүгүн Аксылык энелер кыймылынан алынды. Бирок сотко чакырылган 16 жабырлануучу жана каза болгондордун 30дай туугандары бүгүн Аксы районунун борбору Кербенге чогулушуп, Бишкекте боло турган сотко катышпай тургандыктарын билдиришти. Аксы окуясында каза болгон Сатымбай Үркүнбаевдин энеси Камкаян Үркүнбаеванын «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, ага каражаттын жоктугу башкы себеп:

- Биздин Бишкекке бара турган акыбалыбыз жок. Ушунча адам кантип барабыз? Биздин ал жакка барууга каражатыбыз жок.

Ал эми каза болгон Кадыркул Сапарбаевдин жесири Айбарча Сатыбекова сот окуя болгон жерде гана өтүүгө тийиш деди:

- Баягы Майлуусуу шаарында болгон соттой эле өтөт деген ойдомун. Сот ушундай чоң окуя болгон жерде эмес, эмне үчүн Бишкекте болушу керек? Алардын ою боюнча Бишкекке 5-6 адамды алып барып, эптеп-септеп өткөрүп койгулары келип жатат. Андан тышкары ал жерге 61 милиционер жана атайын бөлүктүн 8 кызматкери да сөзсүз барышы керек.

Ал эми Жогорку Соттун катчылыгы аксылык жабырлануучулардан сот Аксыда өтсүн деген өтүнүч түшпөгөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG