БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Жогорку Соттун үч, жергиликтүү соттордун 31 судьясын шайлоо маселесин карашты. Судьялык кызматка президент тарабынан сунушталган талапкерлер жөнүндө депутаттарга Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов маалымат берди. Андан кийин талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берди. Добуш берүүнүн жүрүшүндө 34 талапкердин алтоосу, анын ичинде Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Абиджан Исаков менен Максуда Оморова жетиштүү добуш ала алган жок. Ал эми үчүнчү талапкер Төлөнбай Масыбаев депутаттардын элегинен ийгиликтүү өтүп, Жогорку Соттун судьялыгына шайланды.