Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

«Рентонгрупптун» аманатчылары пикетке чыгышты


БИШКЕК. «Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдаткан 400дөн ашуун адам бүгүн өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар муну менен мындан туура үч ай мурун түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын талап кылышты. Пикетчилер менен өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер министри Уларбек Матеев чыгып жолугушту. Ал вице-премьер министр катары иштеп жатканына эки гана күн болгонун кабарлап, аманатчыларга акчасын өндүрүү үчүн сотко арыз беришиңер керек деп кеңеш берди. Бирок иликтөөнүн дайыны качан чыгаарын айткан жок.

Аманатчылар андан тышкары мындан бир ай мурун президентке жолдогон арыз катынын да дайынын билүүнү талап кылышты. Бирок алар менен президенттик администрацияны өкүлдөрү жолугушкан жок. Алданган атуулдар эми 16-апрелде пикетке чыгаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG