Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:52

Азербайжанда октябрда камалган укук коргоочу шарттуу түрдө кесилип, абактан бошотулду


Азербайжандын белгилүү адам укуктарын коргоочусу Илгар Ибрагимоглу бүгүн камактан бошотулду, анткени сот аны эркинен беш жылга шарттуу түрдө кести. Октябр айында өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлгөндөн кийин бийлик менен оппозиция ортосунда кагылышуулар чыкканда, ондогон адам камалган жана Ибрагимоглу алардын арасында болчу. Сот ага - козголоңго катышкан жана полицияга каршылык көрсөткөн деген айып такты.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG