Түркиянын мамлекеттик коопсуздук соту бүгүн парламенттин мурдагы төрт мүчөсүнүн ишин кайра кароого киришти. Лейла Зана деген айым жана дагы үч күрд депутат 1994-жылы 15 жылга эркинен ажыратылган. Алар Күрд жумушчу партиясынын согушкерлери менен кызматташкан деп күнөөлөнгөн, бирок адам укуктарын коргогон уюмдардын айтымында, күнөө негизсиз болчу. 1995-жылы Европарламент Зана айымга Сахаров сыйлыгын ыйгарган.