Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Аслан Масхадовдун жардамчыларынын бири орус бийлигине багынып берди


Орус маалымат каражаттарынын айтымында, Чеченстандын мурдагы президенти Аслан Масхадовдун кайтаруучусу Шаа Турлаев орустарга багынып берди. Түндүк Кавказдагы орус аскерлеринин басма сөз өкүлү Илья Шабалкиндин айтымында, окуя Ножай-Юрт айылынын алдында болду:

- Масхадовдун жеке кайтаруучулар тобунун башчысы Шаа Турлаев багынды. Ал бир топ убакытка Масхадовдун жакындарынын бири болчу. Бирок Ичкериянын мурдагы башка жетекчилери сыяктуу, түзүлгөн абалда башка амал жок экенин түшүндү.
Менин пикиримде, Турлаевдин андай кылганына чечен эли акыркы жана кайтарылгыс чечим кабыл алганы таасир этти.


Шабалкиндин айтымында, эгер Турлаев орчундуу кылмыш жасабаганы аныкталса, ал соттолбойт.

XS
SM
MD
LG