НАТО уюмунун Брюссел шаарындагы баш ордосунда бүгүн жети жаңы мүчө мамлекеттин улуттук желектери көтөрүлдү. Уюмдун жетекчилери жана мурдагы 19 мүчө өлкөнүн өкүлдөрү менен кошо салтанатка Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения жана Эстониянын тышкы штер министрлери катышты. Жети өлкө уюмга расми түрдө кечээ күнү Вашингтон шаарында кошулган. Бүгүн кечинде Брюсселде НАТО-Орусия кеңешинин да жыйыны башталды, ага Орусиянын жаңы тышкы иштери министри Сергей Лавров катышууда.