Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

А.АКАЕВГЕ АЧЫК КАТ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ, Т.СЫДЫКБЕКОВДУН КОЛ ЖАЗМАЛАРЫ


Кыргыз басылмаларында президенттин кош тилди өнүктүрүү саясатын колдогондордун, сынга алгандардын пикирлери байма-бай жарыяланууда. А.Акаев кийинки шайлоого катышпайбы, антсе анын ордуна ким келет божомолу кыйладан бери айтылып келет. Кыргыз басылмаларында бул темага арналган материалдарга да биртоп орун берилген.

Кош тил саясаты кыргыз тилинин абалын жакшыртпастыгына “Бешене” гезитинде журналист Нурлан Мотуев токтолду. “10 кыргыздын ортосунда эки орус турган кезде качан эле кыргыз эне тилинде сүйлөчү эле" деп суроо койот автор. Анын пикиринде, “кыргыз тили менен чогуу орус тилин да коштой чаап, анысы менен артыкчылыкты орус тилине арта салуу – Акаевдин бийлик менен коштошуу аккорду болуп калышы мүмкүн”. Нурлан Мотуев кыргыз тили жоголуп бараткан тилдердин катарына кирет, ошондуктан аны сактап калууга коомдук шарт түзүү керек деп эсептейт.

Президенттин кош тил саясатын колдогон пикирлер топтомун жума күнкү “Кыргыз туусу” гезити жарыялады. Мындай саясатты “колдоп тосуп алалы”, деп жазат Вячеслав Шаповалов . Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин ырасташынча, коомдук турмушта орус тилинин кылган кызматы чоң. Антсе да, эл чогулган жыйындардын баары мамлекеттик тилде өтүшү керек. Кыргыз тилин жоготуу – кыргыз деген атты жоготуу.

Басылмада жазуучу Самсак Станалиевдин кыргыз адабиятынын кызыктуу фактыларын баяндаган макаласына орун берилген. Автордун маалымдашынча, кыргыз адабиятындагы эң көлөмдүү кол жазма Түгөлбай Сыдыкбековго таандык. Такталбаган маалыматка караганда, жазуучунун кол жазмаларынын көлөмү 450дөй басма табакты түзөт. “Бул боюнча алганда өткөн кылымда тургай сапары эми эле башталган жаңы кылымда да ага караандай турган калемгер жок кыргызда”, деп жазат Самсак Станалиев.

Тил маселесинин айрым өңүттөрүн “В конце недели” апталыгында жарыяланган маегинде профессор Вячеслав Шаповалов талдоого алган. Илимпоздун айтымында, тилден акча аябаш керек. Ошол эле мезгилде “белен ашка” белсенип кирчүлөрдүн тизгинин тартып, бөлүнгөн акчаны уурдатпай пайдалуу ишке жумшаган оң. Кыргыз тилине технологиялык туюнтмаларды, маалымат доорунун сөздөрүн ыктуу киргизүү зарыл. Аны зордуктабай, күчкө салбай, элдин кызыгуусун ойготуу туура болот, дейт В.Шаповалов.

Апта соңундагы “Жаңы ордо” гезитинде президентке ачык кат жарыяланды. Жалалабад менен Ош облусунун биртоп адамдары кол койгон кайрылууда: “Ар кандай атка минерлер ачыктан-ачык эле референдум жолу менен Аскар Акаевичтин президенттик мөөнөтүн 2010-жылга чейин узарттырабыз деп зар какшап жүрүшөт. Эгер сиз ойлонбостон дагы макулдугуңузду берсеңиз чоң катачылык кетиресиз. Себеби, балдар-кыздарыбыз тентип талаада жүрсө, Үзөңгүкуушка окшогон жерлерибизди Кытайга сатып, жакшынакай жеринен айрылып, кара курсагын араң багып жаткан элиңиз толкуп көтөрүлүп кетер бекен!”, деп жазышат кайрылуу ээлери.

Президенттик орунга талапкер катары парламент депутаты Кубатбек Байболовдун ысмы атала баштаганын А.Кудайбердиев жазып чыкты. Автордун ырасташынча, минтишке анын А.Акаев менен Польшага чогуу барып келгени, тазалыгы, ишкердиги, анан да учурунда коопсуздук кызматында иштеп келгендиги себеп болууда. Бирок ошол эле учурда К.Байболов президенттин “үй-бүлө бизнесине” коркунуч туудурушу мүмкүн, деп жазат автор.

Президенттикке талапкер катары Тойчубек Касымов чыгаары, ага А.Акаевдин өзү кызыкдар экенин оюн-чындап жума күнкү “Агым” гезити жазды. “Жаңы ордо” гезитинде жарыяланган “Так талаш” деген көлөмдүү макаласында Бекен Назаралиев президенттикке талапкерлер катары оголе көп киши чыгаарын, алардын арасынан Курманбек Бакиев, Кубатбек Байболов, Майрам Акаева, Феликс Куловдун аттары арбын аталганын жазды.

Ташкендеги жардыруулар, Өзбекстан капталган калаба тууралуу “Вечерний Бишкек”, “Заман Кыргызстан” гезиттери кенен маалымат жарыялады.
XS
SM
MD
LG