Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Президенттин басма сөз кызматы азил-тамаша макалаларга нааразы


БИШКЕК. Кечээ президенттин басма сөз кызматы президент Аскар Акаев «Интерфакс» агенттигине, «Кыргыз руху» жана «Агым» гезиттерине эч кандай интервью берген эмес деген расмий билдирүү таратты. Буга «Агым» гезити 2-апрелдеги санына 1-апрель күлкү күнүнө карата жарыялаган «Сенсация» жана «Кыргыз руху» гезити баскан «Ким мененсиз, мырза президент?» деген макалалар негиз берди. Президенттин басма сөз кызматы андай макалалардын жазылышын эч кандай шылтоо актабайт жана аталган гезиттердин журналисттери мындан аркы ишинде дыкат болуусу абзел деп билдирди. Ушундай эле маанидеги билдирүүнү Орусиянын «Интерфакс» агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү таратып, «Агым» гезити шилтеме берген маалыматка өзүнүн тиешеси жок экендигин жарыя кылды. Ал эми «Агым» гезитинин кожоюуну Мелис Эшимканов макалалар 1-апрель тамаша күнүнө арналып жазылгандыгы гезитте маалымдалгандан кийин, аны тамаша иретинде гана кабыл алуу керек болчу деп билдирип, андай азилдерди орусиялык көптөгөн гезиттер деле жазып чыкканын эске салды.

XS
SM
MD
LG