БИШКЕК. 2005-жылкы парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин өздүк шайлоо фондундагы каражаттын көлөмү 500 миң сомдон ашпайт. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны ага негиз берген жобону «Шайлоо кодексине» жума күнү киргизди. Палатанын депутаты Ишенбай Кадырбековдун түшүндүрмөсүнө караганда, буга шайлоо чөлкөмдөрүнүн кичирейтилгени жана шайлоочулардын санынын азайганы себеп болду. Ал эми мурдагы жобо боюнча талапкердин коруна 2 миллион сомго чейин каражат топтоого уруксат берилчү.