Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Өкмөттө жаңы министрлик пайда болду


БИШКЕК. Кыргызстандын бийлигинде эл аралык кызматташуу жана интеграция министри деген жаңы кызмат орду пайда болду. Ага негиз берген жардыкка президент Аскар Акаев 1-апрелде кол койгондугун басма сөз кызматы бүгүн билдирди. Президенттин дагы бир жардыгы менен эл аралык кызматташуу жана интеграция министринин милдети Тажимамат Шаболотовго жүктөлдү. Ал буга чейин Балыкчы шаарынын акими болуп иштеген. Ал эми өкмөт бир айдын ичинде жаңы министрге байланыштуу уюштурууга, материалдык-техникалык иштерди чечүүгө милдеттендирилди. Бирок, президенттин басма сөз кызматы жаңы министрди дайындоого кандай зарылдык түрткү бергендиги жана ага кандай милдет жүктөлөөрү тууралуу кеңири түшүндүрмө берген жок.

XS
SM
MD
LG